БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясынын муниципалдык инспекциясы коомдук транспорттордо рейд жүргүзүп, жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөндүгүн аныктоодо.
Кызматкерлер жүргүнчүлөрдүн көбү жол кире акысын накталай беришкени менен талон албай коерун айтышкан. Ошондой эле накталай эмес төлөгөндөрдүн чектерин текшеришкен.
Кызматкерлер жүргүнчүлөргө билеттин жоктугу төлөмдүн аткарылбагандыгын билдириши мүмкүн экенин, Укук бузуулар кодекси боюнча 1000 сом айып пул салынарын эскертишкен. Кандайдыр бир себептер менен жол кире бербегендер да ушул суммада айыпка жыгылмакчы.