Минералдык жер семирткичтерди экспорттоого убактылуу тыюу салуу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого 6 айга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Максаты — жазгы талаа иштери башталганда фермерлерди минералдык жер семирткичтер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
“Өлкөнүн минералдык жер семирткичке болгон муктаждыгы жылына 286,7 миң тоннаны түзөт. Өз өндүрүшүбүз жок болгондуктан Өзбекстандан 100 миң тонна алып келинет. Бул керектөөнүн 45-55 пайызын жабат. Акыркы жылдары жер семирткич Тажикстанга реэкспорт болуп, фермерлердин муктаждыктары жабылбай калууда”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам Айыл чарба министрлиги минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБден тышкары экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштап жатат. Эгерде министрлер кабинети токтомду кабыл алса чектөө алты айга киргизилет.
Кыргызстан былтыр бензинди ЕАЭБден, көбүн Россиядан алган