Алдамчылыкка шектелген кыргызстандык аткаминер Молдовадан кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Алдамчылыкка шектелген президенттин мурдагы кеңешчиси Хайдарали Халиков Молдовадан кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, ал аялды ири суммадагы акчага алдаган жана ушул сыяктуу бир нече кылмыш жасаган деп шектелүүдө.
Буга чейин президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Халиковду Өзбекстандан аткезчилик жол менен шифер ташып келген жана анын бизнесине жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн колдоо көрсөтүүнү талап кылган деп айыптаган.
Анын мындай жоругу президентке жетип, ал Халиковду эле эмес, коомдук башталыштагы кеңешчи, жардамчыларынын баарын иштен алганы кабарланган.
Акылбек Жапаров коомдук башталыштагы жардамчы, кеңешчилерин жумуштан бошотту