12-январга карата аба ырайы

12-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +2...+7, Талас облусунда +7...+12, Ош, Жалал-Абад аймактарында +5...+10, Баткен өрөөнүндө +4...+9, Ысык-Көлдө 0...+5 градуска чейин жылуу болот. Нарын жергесинде -4...-9 градус суук болору болжолдонду.
Күндүн табы борбор калаада +4...+6, Ош шаарында +8...+10 градуска чейин көтөрүлөт.
Кар жаайт. 12-январга чейинки аба ырайынын божомолу