Зеленский Россия менен болгон жаңжалды 2025-жылы токтотууну кааларын билдирди

Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Владимир Зеленский Украина АКШдан коопсуздук кепилдигин алып, 2025-жылы Россия менен болгон жаңжалды токтотууну каалай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Пентагондун расмий өкүлүнүн орун басары Сабрина Сингх 8-январда АКШ Украинага жаңжалды токтотуу шарттарын айтып, көрсөтмө бербей турганын, андыктан Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча чечим кабыл алуу укугуна ээ экенин билдирген. АКШнын Украина боюнча болочок өкүлү Кит Келлог кечээ билдиргендей, Дональд Трамп жакынкы келечекте Владимир Путин жана Владимир Зеленский менен боло турган сүйлөшүүлөрдүн алкагында Украинадагы жаңжалды жөнгө салууга жетише алат.
"Биздин максат — коопсуздук кепилдиктерин алып, согушту быйыл токтотуу. Бул үчүн бардыгын жасайбыз. Тынчтыктын орношу биз үчүн абдан маанилүү, бирок бир нерсеге келишүүдөн мурун Украина жана Европа үчүн олуттуу коопсуздук кепилдиктерин аныкташыбыз керек", — деген Зеленский италиялык телеканалдагы маегинде.
Россиянын президенти Владимир Путин буга чейин Украинадагы жаңжалды тынчтык жолу менен чечүү демилгелерин көтөргөн. Анын айтымында, Москва Россиянын жаңы аймактарынан украин аскерлери чыгарылгандан кийин атышууну дароо токтотуп, сүйлөшүүлөргө даярдыгын жарыялайт. Мындан тышкары, ал кошумчалагандай, Киев НАТОго кирүү жана демилитаризациялоо, денацификациялоо ниетинен баш тартууга тийиш. Ошондой эле блокторго кошулбастан бейтараптуулук жана өзөктүк куралсыз статусун алышы керек.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Келлог: Трамп Украина маселесинде Путиндин бардык шартына макул боло бербейт