БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Чет өлкөлөрдөн ташылып келген жана каттоодо турган автотранспорт каражаттарын легалдаштыруу иштери башталат. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Максаты кыймылдуу мүлктү сатып алуу процессин ачык-айкын кылуу жана автотранспорт ээлеринин укугун коргоо экени белгиленди. Жарлыкта министрлер кабинетине эки айдын ичинде жоболорун иштеп чыгып, үч этап менен жарым жылдын ичинде легалдаштыруу тапшырылган.
Мыйзамдаштыруу этаптары:
документтери бар автоунааларды каттоо;
документтери жок, бирок техникалык абалы талаптарга жооп берген унааларды каттоо;
документтери жок унааларды башка максатта пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү (тетик катары сатуу, өлкөдөн ташып чыгуу, утилдештирүү ж.б.).
Буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары министрлер кабинетине армян жана абхаз номерлүү автоунааларга мунапыс берүүнү сунушташкан. Мындай автоунаалардын ээлери мыйзамдаштыруу үчүн 500дөн 1000 долларга чейин төлөөгө даяр экени айтылып, мунапыс берүү бюджетке миллиондорду алып келери кошумчаланган.
Кийин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстанда абхаз, армян номерлүү 15 миңдей автоунаа бар экенин билдирген.