БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. 11-январь, ишембиде, республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +3...+8, Ысык-Көлдө 0...+5 градуска чейин жылуу болсо, Нарын облусунда -3...-8 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +4...+6, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.