Financial Times: НАТОнун Россияны чектөөгө чамасы чак

Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Түндүк атлантикалык альянстын Россияны чектеп тизгиндөөгө чама-чаркы жетпей турат. Бул тууралуу Financial Times жазып чыкты.
Материалда мындай жыйынтык НАТОнун аскердик стратегдеринин бүтүмүнөн кийин чыкканы айтылат.
Журналисттер альянс ичинде абадан коргонуу каражаттары, логистика, ок-дары жана корголгон байланыш каражаттары жаатында чоң тартыштык бар экенин жазышты.
Эскерте кетсек, акыркы жылдары Россия батыш чек арасында НАТОнун өтө эле активдешип кеткенин көп ирет айтты. Альянс улам кеңейип, муну "россиялык агрессияны тизгиндөө" деп атап келет. Москва альянстын Европада күчтөнүп жатканына тынчсыздануусун бир нече ирет билдирген. Өлкө ТИМи Москва НАТО менен тең ата диалогго даяр экенин, мында Батыш континентти милитаризациялоо курсунан баш тартышы керектигин айткан.
Россия президенти Владимир Путин Украинанын альянска кошулуу ыктымалдыгы Россиянын коопсуздугуна коркунуч келтирерин, бул жагдай атайын аскердик операцияны баштоого башкы себептердин бири болгонун белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Келлог: Трамп Украина маселесинде Путиндин бардык шартына макул боло бербейт