БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Америкалык Condé Nast Traveler журналынын версиясы боюнча, Каракол 2025-жылы барууга сунушталган 25 мыкты жердин катарына кирди.
Авторлор аны "Борбор Азиядагы эсте каларлык укмуш саякаттоонун борбору" деп аташкан.
"Каракол — дүйнөдөгү эң мыкты туристтик багыт. Жаратылыштын кооздугу, маданий ар түрдүүлүгү менен өзүнө тартып турат. Шаарда ат минүү, кайыкта сүзүү жана параплан менен учуу сыяктуу көптөгөн кызыктар бар. Мындан тышкары, Каракол маданий мураска бай. Мисалы, 1907-жылы кытай чеберлери тарабынан "пагода" стилинде курулган дунган мечити, ашлям-фу тамагы жана кооз жыгач үйлөр саякатчыларды суктандырат", — деп белгилеген авторлор.
Ошондой эле аймакта 2025-жылы эл аралык аэропорттун ачылышы менен Каракол туристтер үчүн дагы жеткиликтүү болгону, ал эми 2026-жылы ишке кире турган "Үч чоку" лыжа базасы кышкы спорт сүйүүчүлөр үчүн табылгыс мүмкүндүк экени белгиленген.