Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын директорлор кеңеши жаңыландыБайден Калифорниядагы ири кырсыкка каршы күрөшүү режимин жарыяладыМэрия Ош, Жалал-Абад, Баткен, Таласка жаңы автобекеттен гана кетүүгө чакырдыАлдыда кененирээкБишкек мэриясы Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы регион аралык каттамдарды жаңы автобекеттен гана чыгууга чакырды. Вице-мэр Жамалбек Ырсалиевдин айтымында, бул айдоочулардын уктап эс алганын, наркологиядан өткөнүн текшерип, жалпы эле коопсуздукту камсыздоого багытталган. "Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас багытындагы каттамдардын жүргүнчүлөрү, жолго "Аккула" ат майданынын жанында убактылуу уюштурулган жаңы автобекеттен чыксаңыздар. Учурда айрым айдоочулар күндүз келип, уктабастан эле түнү менен чыгып кетүүдө. Жол кырсыктары катталып, ар кандай кырдаалдарга кабылган учурлар бар. Ошолорду алдын алуу үчүн айдоочулар автобекеттен текшерилип, анан жолго чыгарылат. Ошондуктан Telegram, WhatsApp менен эле айдоочуга байланышып жолго чыгып жаткандарга кайрылам, жолго автобекеттен кетсеңиздер", — деди Ырсалиев. Эске салсак, мэрия Ош, Баткен, Жалал-Абад жана Таласка кетчүлөргө убактылуу Батыш автобекетин уюштурган. Ал жаңы "Аккула" ипподрому курулуп жаткан жерге жакын жайгашкан. Станцияга №13, №40 автобустар жана №258 маршрутка каттайт.
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду заманбап транспорттук-логистикалык борбордун курулушуна 3,5 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу фонддон билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган борбор 17 гектарды ээлеп, Эркеч-Там — Ош — Өзбекстан жолунда жайгашкан. Наркы 12 миллион долларды түзгөн объект Борбор Азияда негизги траснпорттук хаб болуп калмакчы. Бул жерде Кытайдан келген жүктөр жөндөлүп, башка өлкөлөргө, анын ичинде Россияга жөнөтүлөт."Борбор Эркеч-Тамдагы транспорттук-логистикалык агымдарды тартипке келтирип эле тим болбостон, "Достук" бажы пунктунун ишин жеңилдетүүгө шарт түзөт", — деди РКӨФтүн төрагасы Артем Новиков. Ошондой эле борбор күнүнө 500-700 жүк ташуучу унааны тейлеп, 100дөн ашык жумуш ордун түзөрү белгиленди. Мындан тышкары, борбордун ишинен түшкөн кирешенин 30 пайызы Кыргызстандын бюджетине түшө турганы кошумчаланды.
Кыргызстандын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы директорлор кеңешинин курамын жаңылады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды. Маалым болгондой, Улан Асанов башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу «Мамлекеттик өнүктүрүү банкы» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү кызматынан бошотулду. Анын ыйгарым укуктары 2024-жылдын 24-декабрында токтотулган. Бул кызматка акционердин чечими менен А.Р.Эгембердиев дайындалды. Мамлекеттик банктын башкармасынын жаңы курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жылга белгиленет.
АКШ президенти Жо Байден Калифорния штатында күчөп жаткан өрттүн кесепетин жоюу үчүн жергиликтүү бийликке жардам берүү максатында кырсыкка каршы күрөшүү режимин жарыялады. Бул тууралуу Ак үйдүн маалыматына таянуу менен РИА Новости жазды. Мындай чечим Лос-Анжелес округунун жашоочуларына федералдык жардам берүүгө жол ачат. "Элге убактылуу баш паанек табуу, үйлөрдү оңдоп-түзөө үчүн гранттык каражаттар, материалдык зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле чарбасы жана бизнесин калыбына келтирүү үчүн төмөн пайыз менен берилчү насыя жеткиликтүү болот", — деп айтылат администрациянын тараткан кабарында.