10-январга карата аба ырайы

10-январга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңуп, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. 10-январь, жума күнү, күн ачык болот. Айрым жерлерге эрте менен туман түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көл өрөөнүндө 0...+5 градус жылуу болсо, Нарында -2...-7 градус суук болот.
Бишкекте +3...+5, Ош шаарында +5...+7 градус жылуу болору белгиленди.
Үч курулуш компаниясына Ысык-Көлдүн Тамчысынан 34,2 га жер ижарага берилди