Космостун түпкүрүнөн тартылган таң калычтуу сүрөттөр

Ааламдын алыскы жерлерин изилдөө үчүн окумуштуулар пайдаланган сүрөттөр илим үчүн эле кызмат кылбастан, жөнөкөй адамды да таасирлентип, башкача бир сезим тартуулайт. Sputnik Кыргызстан космостук телескоптор тарткан кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Өткөн жылдын бул жааттагы өзгөчө окуяларынын бири Curiosity марсоходу кызыл планетадан тартып жиберген сүрөттөр жана жасаган селфиси болду. Анткен менен экзотикалык сүрөттөр анча деле жаңылык эмес. Советтик аппараттар башка планеталардан, тагыраагы, Венерадан мурда да жөнөтүп келген. Бир артыкчылыгы — бул ирет сапаты алда канча жакшырганы болду. Эгерде космостун эң түпкүрү тууралуу сөз кыла турган болсок, "Хаббл" жана "Жеймс Уэбб" телескоптору астрофотографияда жаңылык болуп калды.
Тумандан чыгып турган аттын башынын элесин (Horsehead Nebula) берип турган кубулуш — ааламдын эң суктандырган көрүнүштөрүнүн бири. Чаң жана газдын тыгыз булуттарынын физикалык, химиялык процесстерден жаралып, окумуштуулар үчүн зор мааниге ээ. Адистер жакынкы мезгилден тарта "Жеймс Уэбб" телескобун аны көздөй бурушту.
1 / 11

"Хаббл" телескобу тарткан сүрөттө ийрилген түрдөгү NGC 1672 галактика көрсөтүлгөн. Ал Жерден 49 миллион жыл аралыгында жайгашкан. Башка галактикалар сындуу эле дисктери жарык жылдыздар менен толтурулуп, өзгөчө жаркыратып турат.

2 / 11

НАСА Curiosity марсоходу жасаган селфини көрсөттү. Ал 62 сүрөттөн бир сүрөт болуп чогултулган.

3 / 11

От бүрккөн Күн

4 / 11

Сүрөттө Канада менен АКШнын бир бөлүгүн Айдын көлөкөсү жаап, Күн тутулуп келе жатат. Аны Эл аралык космостук станция жасаган.

5 / 11

Кичинекей Гантель (Мессье 76, M76 или NGC 650/651) тумандуулугу Персей жылдыздар тобунда жайгашкан, Жерден 3400 жыл аралыкта турат

6 / 11

Эл аралык космостук станциянын Harmony модулуна жалгаштырылган Starliner космостук кемеси

7 / 11

Биз көрүп жүргөн Юпитер азыр башка өңдө турат. Сүрөттү космостук "Хаббл" телескобу тартып алган.

8 / 11

Мындай кооздукту жөнөкөй көз менен көрө албайбыз. Илимдеги NGC 6355 деп аталган топтомдо ачык көрүнгөн жылдыздар. Бул биздин Саманчынын жолу галактикасынын ички аймактарында жайгашкан.

9 / 11

Чаян жылдыздар топтомундагы IRAS 16562-3959 деп аталган жылдыздар жаралган аймагы. Сүрөттү "Хаббл" телескобу тартып алган.

10 / 11

Аттын башы деп аталган тумандуулук. Сүрөттү "Жеймс Уэбб" телескобу тартып алган. Сүрөттө жылкынын "жалын" байкоого болот.

11 / 11

Юпитер өзүнүн тарам-тарам болгон кооздугунда турат. Автору — "Хаббл".

Тема боюнча:
Миллиондорду арбаган дүйнөнүн эң чырайлуу кыздарынын сүрөттөрү
Узап бараткан жылдагы жаратылыштын апааттары. Үшүткөн ирмемдер