Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Путин менен сүйлөшүүлөрдү жарым жылга жеткирбей өткөрүүгө үмүттөнүүдө

Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Дональд Трамп Владимир Путин менен жарым жылга жетпеген убакытта Украина боюнча сүйлөшүү жүргүзөрүнө үмүт артууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Флоридада өткөн пресс-конференцияда Трамптан "Путин менен сүйлөшүүлөр алдыдагы алты ай ичинде өтүшү мүмкүнбү?" деп сурашкан.
"Алты айбы? Жок, менимче, адан эртерээк өтөт деп үмүттөнөм", — деген АКШнын болочок президенти.
Буга чейин Трамп Россиянын лидери сүйлөшүүлөргө даяр экенин билерин, бирок жолугушуу 20-январда Ак үйгө расмий түрдө кайтып келгенден кийин гана мүмкүн болорун айткан. Ошондой эле саясатчы Россиянын президенти менен жолугушуулардын болжолдуу датасын так айта албасын кошумчалаган.
ЖМК: Европа Россия менен АКШдан кооптонуп жатат