БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кумшекерди азыраак колдонуп, андан баш тартууну сунуштады.
Ал кыргызстандыктардын көбү шекердин зыянын билбей кант кошулган азыктарды көп колдонорун айткан. Мындан улам ашыкча салмак, жүрөк оору, диабет жана башка дарттар көбөйүп жатканын белгилеген.
Депутат Саламаттык сактоо, Билим берүү, Маданият, Санариптик өнүктүрүү министрликтерине төмөнкүдөй сунуштарды киргизген:
социалдык маанилүү товарлардын тизмесинен шекерди алып салуу;
мектеп, бала бакчаларда кант кошулган азыктарды жасоого, сатууга тыюу салуу. Анын ордуна башка пайдалуу азык-түлүк колдонуу;
кафе-ресторандар менен ашканаларды менюсунда канттын зыяндуулугу жөнүндө эскертүүнү белгилеп көрсөтүүгө милдеттендирүү. Анын ордуна башка пайдалуураагын сунушташы керек;
өндүрүүчүлөрдү атайын чараларды көрүү менен азыктагы канттын курамын төмөндөтүүгө шыктандыруу (мисалы, "шекери аз" деп көрсөткөнү үчүн кандайдыр бир жеңилдик кылуу);
ЖМКлардан туура тамактануу боюнча макалаларды бекер жарыялоону талап кылуу;
уюлдук операторлорду кумшекердин зыяндуулугу жана аны азыраак колдонуу жолдору жөнүндө SMS же push-билдирүүлөрдү таратууга милдеттендирүү.