Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москва Киевдин Энергодарга жана Запорожье АЭСине жасаган чабуулун айыптоого чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Россия эл аралык коомчулукту, анын ичинде МАГАТЭни Украинанын Энергодарга жана Запорожье атомдук электр станциясына жасаган чабуулун айыптоого чакырды. Бул тууралуу РФтин Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдиргенин РИА Новости жазды.

"Эл аралык коомчулук Россиянын өзөктүк-энергетикалык инфраструктурасына тынымсыз жасалып жаткан чабуулдарына тезинен жана олуттуу түрдө үн катышы керек. Ошондой эле Киевди Европадагы жана башка континенттердеги адамдардын жашоосу менен ойногонун мажбурлап токтотушу керек. Акылынан адашкан режим Запорожье атомдук электр станциясын кырсыкка учуратып, курмандыктарга алып келүүдөн да кыя өтпөйт", — деген Захарова.

Ал Владимир Зеленскийдин "батыштык демөөрчүлөрү" аны "тартипке чакырууга" күчү жетет деген үмүтүн арткан.
"Биз МАГАТЭнин жетекчилигинен бул маселе боюнча объективдүү баа берүүсүн жана ачык реакция кылуусун күтөбүз. Чабуулдар 5-январда агенттиктин Запорожье АЭСинде жайгашкан адистеринин көз алдында болгону маалым", — деген дипломат.
Ал МАГАТЭнин Киевге Запорожье атомдук электр станциясына, ошондой эле Россиянын башка атомдук электр станцияларына кол салууга жол берилбестигин айтууга убакыт жеткенин белгилеген.
Буга чейин Россиянын Коргоо министрлиги 5-январда Украинанын Куралдуу күчтөрү Запорожье АЭСине жана Энергодар шаарына сегиз пилотсуз учак менен чабуул жасоого аракет кылганын, алардын бардыгы атып түшүрүлгөнүн, станцияда жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи россиялык журналисттин ДЭРде өлтүрүлүшү боюнча үн катты