БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Мекке жана Медина шаарларын жамгырдан кийин суу каптап, көчөлөрдө көл пайда болуп, сел жүргөнүн РИА Новости билдирди.
Нөшөрдү катуу шамал коштоп, көчө боюндагы, эшиктеги темир курулмаларды, буюмдарды учурган.
Сауд Арабиянын Метеорология башкармалыгы жаратылыш шарттарынын кооптуулугу Мекке, Медина калаалары менен Жидда порт шаарында жогорку (кызыл) деңгээлде деп белгиледи.
"Нөшөрдөн кийин жолдор дарыяга айланып, суу автоунааларды агызды", — деп айтылган анда.
Ташкындаган суу бир катар айылдарды да каптаганы айтылды.