Бишкекте өспүрүм окуучу балдарды катарга тизип урган. Милиция териштирди

Sputnik
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Соцтармакка өспүрүм бала окуучуларды катарга тизип бетке чапкан видео тарады.
Милициянын маалыматына караганда, өспүрүм 9-класстын президенти А.Б. болгон. Ал 8-класстын балдары тамеки чегип жатканын көрүп “алдын алуу” иштерин жүргүзүү максатында бетке чапкан.
Бул боюнча Бишкектеги Ленин РИИБине мектеп администрациясынын өкүлдөрү жана балдардын ата-энелери чакыртылган. Анда А.Б. 8-класстын балдары тамеки чеккени үчүн ар биринин бетине чапканын моюндаган.
Ошондой эле 8-класстын үч окуучусу суралып, алар аталган фактыны тастыкташып, бирок акча талап кылбаганын айтышкан. 8-класстын окуучуларынын ата-энелери А.Бга карата арыз жазуудан баш тартышкан. Өспүрүмдөрдүн баары мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынган.
Окуя боюнча кошумча материалдар чогултулуп, балдар иштери боюнча комиссияга өткөрүлдү. РИИБ анын жыйынтыгы менен тиешелүү чаралар, анын ичинде Укук бузуулар кодексинин 102-беренеси (“Ата-энелик милдеттерден качуу”) менен А.Бнын ата-энесине чара көрүлөрүн белгилешти.
Мектептерде акча чогултууга тыюу салынды. Президент мыйзамга кол койду