Wildberries Кыргызстанда логистикалык борборун быйыл курууну көздөп жатат

Sputnik
БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Wildberries Кыргызстанда логистикалык борборун 2025-жылы курууну көздөп жатат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев "Ала-Тоо 24" телеканалына билдирди.
Долбоорду ишке ашыруу меморандумуна Казань шаарында кол коюлган.
Логистикалык борбор Чүйдө жайгашмакчы. Анын жалпы аянты 300 миң чарчы метрди түзүп, инвестициянын көлөмү 15 миллиард сом болору айтылды.
Бүгүнкү күндө Бишкек жана Ош шаарларында Wildberries онлайн-дүкөнүнүн эки сорттоочу борбору жана Кыргызстан боюнча 130дан ашык заказдарды жеткирүү пунктулары бар.
Кыргызстанда электрондук коммерция тез өнүгүүдө. Маркетплейске 17 миңден ашуун кыргызстандык сатуучу катталган (2022-жылы алардын саны 7 миңге жакын болчу).
Чүйдө ири бажы-логистикалык борбордун курулушуна капсула салынды