Радио

Абдылдаева: аймактарда банк кызматкерлери тартыш

"Айыл Банк" ААКтын адам ресурстары бөлүмүнүн башчысы Анара Абдылдаева аймактарда кадр жетишсиздиги курч болуп жатканына токтолду.
Sputnik
"Айыл Банк" ААКсы – өлкөдөгү беделдүү банктардын бири. Аймактарда 38 бөлүмүбүз, 67 сактык кассабыз бар. Мындай көрсөткүчтөргө жетүүдө албетте кызматкерлердин орду чоң. Бул тууралуу Анара Абдылдаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, банкта кадр тартыштыгы дайыма көйгөй болуп келет.

"Өлкөдө жаш кадрларды колдоо боюнча атайын программа бар. Биз анын алкагында Улуттук университет жана башка дагы эки окуу жай менен меморандум түзгөнбүз. Анын алкагында аталган окуу жайлардын студенттерин акысыз такшалтып, тесттин жыйынтыгы менен жумушка алабыз. Максатыбыз – аймактардагы кадр тартыштыгын жоюу", — деди Абдылдаева.

Ал ошондой эле аймактардагы адис тартыштыгын жоюуда билим берип жаткан окуу жайлардын да орду чоң экенин кошумчалады.