Радио

Кыргызстанда спорттук менеджмент жаңыдан калыптана баштады

Спорттук журналист, промоутер Нурсултан Турусбеков Кыргызстанда биринчи жолу ABL AlaToo Boxing League бокс боюнча кесипкөйлөр арасында спорттук уюм ачылып иштеп баштаганын айтты.
Sputnik
Өлкөдө спорттук менеджмент жаңыдан гана калыптана баштады. Промоутердик компаниялардын деңгээлин көтөрүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек. Бул тууралуу Нурсултан Турусбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, спорттук бизнес багыты республикада дың жер бойдон турат.
"Спорттук мелдештерди уюштурууну 2020-жылы активдүү баштадым. Алгач ММА боюнча турнирлерде матчмейкер катары өзүмдү сынап көрдүм. Негизи спорттук бизнес багыты бизде дың бойдон тургандай. Анткени өлкөдө спорттук менеджмент жаңыдан гана калыптана баштады. Албетте, буга чейин мындай кадамдар болуп келген, бирок эл аралык аренага чыгып, сапаттуу кызмат көрсөтүү жагынан аксап жатабыз. Промоутердик компаниялардын деңгээлин көтөрүү боюнча дагы көп иштер жасалышы керек. Мисалы, Казакстанда спорттук уюмдардын деңгээли бизден кыйла жогору. Ушундай факторлорду эске алып, жакында Кыргызстанда биринчи жолу ABL AlaToo Boxing League бокс боюнча кесипкөйлөр арасында спорттук уюм ачып, алгачкы турнирди уюштурдук. Кемчиликтер болду, эми аларды жоюунун аракетин көрөбүз", — деди Турусбеков.
Ошондой эле ал өлкөдө спорттук уюмдарга демөөрчүлүк кылууга, продуктунун маркетинги, медиага байланышкан иштерге маани берилиши керектигин кошумчалады.