ӨКМ: 1-3-январда ашууларда кар көчкү түшүшү ыктымал

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. 1-3-январда ашууларда жана бийик тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
“Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болот. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот”, — деп айтылат маалыматта.
Министрлик унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы керектигин эскертти.
Кыргызстандагы аба ырайынын бир жумага карата божомолу