ЭТТКны жөнөкөйлөтүү боюнча жумушчу топ түзүлдү

Sputnik
БИШКЕК, 31-дек. — Sputnik. Кыргызстанда товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жумушчу топту жетектейт. Алар жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү ишти жүргүзөт жана президенттин администрациясына сунуштарды киргизет.
Эске салсак, буга чейин Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов чакан жана орто бизнес үчүн ЭТТК колдонулбай турганын айтып, ал экономиканы көмүскөдөн чыгарат деген чечим чындыктан алыс экенин белгилеген.
Президент ЭТТКны ири товарларга гана калтырууну карап көрүүнү тапшырды