Узап бараткан жылдагы жаратылыштын апааттары. Үшүткөн ирмемдер

Зилзала, сел, бороон-чапкын, ташкын, вулкандардын атылышы... Булар ар кыл өлкөлөрдүн башына түшкөн мүшкүлдөрдүн чети эле. Sputnik узап бараткан жылдагы жаратылыштын катуу кырсыктарынын бир катарларын тизмектеди.
Sputnik
1 / 15

Вулкан атылгандан кийин капкара болгон лава жолду каптап келе жатат, Исландия

2 / 15

"Милтон" бороонунан кийинки көрүнүш. Пунта-Горда (Флорида, АКШ) аймагы.

3 / 15

Тайвандагы тайфун элдин шаштысын алды. Акыркы жети жылдагы болгон жараталыштын бул кырсыгынан улам эл коопсуз жайларга көчө качып кутулду. Анткен менен тарттырган чыгымы оңой болгон жок.

4 / 15

Тайвандагы жер титирегенден кийинки көрүнүш. 9 киши көз жуумп, 52си дайынсыз болгон. Миңден ашуун адам жабыркаган.

5 / 15

Барбадостогу "Берилл" бороон-чапкындын кесепети

6 / 15

Кубадагы жаратылыш кырсыгы. Бакты түбү менен омкоргон бороон 400дөн ашуун имаратты талкалаган. Бир топ мектеп менен ооруканалардын, үйлөрдүн ойронун чыгарган. 10 миңге чукул киши эвакуацияланган.

7 / 15

Чилидеги өрт 100 кишинин өмүрүн алды

8 / 15

Жырылган дамбанын кесепетин жоюуга жарым миңге чукул киши 125 техника менен чыккан. "Сүзүп" калган Орск (Россия) аймагы.

9 / 15

Непалдагы "капталдап" калган үйлөрдүн мындай абалга келишине нугунан чыккан дарыя күнөөлүү

10 / 15

Бир карасаң чөлдөй, бир карасаң көлдөй. Марокконун чөлдө жайгашкан Мерзуга шаары жамгырдан кийин.

11 / 15

Ташкындаган Дунай камкор аялдын шаштысын кетиргени менен мышыгын таштай качканга мажбурлай алган жок

12 / 15

Силкинген жер күн чыгыштыктарды дайыма кыйнап келет. Жер титирөөдөн бузулган жол (Япония, Ното жарым аралы).

13 / 15

Бул койот тилсиз жоодон кантип кутулду экен?.. Американын Калифорниясында чыккан өрт алааматка айланды.

14 / 15

Испандияда ташкын болуп, 223 киши көз жумду. 2000 адам дайынсыз болуп, издөөгө алынды.

15 / 15

Филиппиндеги жаратылыштын кырсыгы. Мүрзөлөрдү каптаган суу. Тирүүлөргө түйшүк жаралды. Бул тропикалык "Трами" штормунун кесепети. Филиппин, Вьетнам, Камбоджа, Таиланд жана Лаоско кесепети оңбогондой тийип, баш-аягы 178 адам каза тапкан.

Тема боюнча:
Көз жоосун алат! Ландшафттык сүрөт сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды
Сүрү да, сыры да күчтүү тоолор... Көз талдырган 10 сүрөт