Кулубаев: келе жаткан жылда Кыргызстан ЖККУ, ШКУ жана ТМУга төрагалык кылат

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. 2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү уюмга төрагалык кылат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, 2025-жыл "Эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук" ураанынын алдында өтүп, ар түрдүү маанилүү иш-чараларга бай болот.
"Кыргызстан келерки жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ), Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) жана Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) төрагалык кылат. Бул — биз төрагалык кыла турган үч маанилүү уюм. Андан тышкары, Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүү аракеттери жүрүп жатат", – деди Кулубаев.
Буга чейин Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздукту сактоо болуп саналары айтылган.
Путин ЖККУ өлкөлөрүнүн лидерлерин жана аскерлерин 9-майдагы парадга чакырды