Автомобиль өндүрүп баштаган өлкөдө экономика өсүп жатат деп айтса болот. Бул чындыгында эле ошол мамлекеттин экономикалык көрсөткүчү болуп саналат. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан https://sputnik.kg/Radio/ радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын автомобиль чогултууга белсенгени — экономикалык секирик.
"Автомобиль өндүрүп баштаган өлкөнү чынында эле экономикасы өсүп жатыптыр деп бааласак болот. Бул ушундай көрсөткүч. Өндүрбөсө да, чогултуп жатышы деле ушуга барабар. Анткени бир эле автоунааны чыгарыш үчүн 10 миңдеген тетик керектелет. Аларды жасоодо жок дегенде 100 завод зарыл. Ошондуктан автоунаа чыгарууда чоң ийгиликтерге жетишкен айрым өлкөлөр деле авточогултуу менен чектелишет. Азыркы учурда дүйнөлүк автоөндүрүү боюнча Кытай алдыда. Мындан 25 жыл мурда дүйнөлүк авторыноктун 1 пайызын гана жапкан, кытайлык автоунаалар учурда 39 пайызын камсыздап жатат", — деди Мамытов.
Ал автомобиль өндүрүшү аскердик техника, учак өндүрүүдөн кийинки эле олуттуу, стратегиялык мааниси чоң тармак экенин кошумчалады.