2025-жылдын аягына чейин өлкөдөгү бала бакчанын баарына камера орнотулат

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Жаңырган жылдын соңуна чейин республикадагы бала бакчалардын баарына көзөмөл камерасы орнотула турганын билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, камералар ИИМдин "Коопсуз шаар" системасына туташат.

"Азыр өлкө боюнча бала бакчалардын 63 пайызы видеокөзөмөл менен камсыз болгон. Калган 37 пайызына 2025-жылдын аягына чейин толугу менен коюлат. Видеокөзөмөл орнотуп коюп эле отуруп калбастан, ИИМ менен сүйлөшүп, видеокамераларды "Коопсуз шаар" долбоору менен интеграциялайбыз", — деди Жусупбекова.

Эскерте кетсек, бала бакчаларга камера коюу маселеси Сузакта тарбиячылардын бакчадагы балдарды урганы коомчулукка билингенден кийин көтөрүлгөн.
Декабрдын башында министрлик камера орнотулган бала бакчалардын эсеп-чотун алып, жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү маалым болгон.
ЖК депутаты ыштан улам бакчаларда бөбөктөрдү эшикке чыгарбоону сунуштады