Сириядан 121 кыргызстандыкты алып келишти. 2024-жылдын отчету

Sputnik
БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Аяктап бараткан жылы Сириянын түндүк-чыгыш аймагынан "Айкөл" миссиясы менен 121 кыргызстандык кайтарылганын ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
Газа сектору менен Палестинанын куралдуу кармаш жүрүп жаткан аймактарынан Кыргызстандын 22 жараны эвакуацияланган. Мындан сырткары, Ирактан да аялдар менен балдарды алып келүү сүйлөшүлүп жатат.
"Өздөрүн кыргызстандыкмын дегендер бар, бирок алар чындыгында Борбор Азиянын башка мамлекеттеринин жарандары. Бул текшерүүдөн кийин чыгып калат. Сирия менен Ирактан атуулдарыбызды алып келүү боюнча иштеп жатабыз, бирок бул өтө татаал процесс", — деди Кулубаев.
Сириядан 99 кыргызстандык алып келинди