Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Жаңы жылда медиктер жана айрым мамкызматкерлер күчөтүлгөн тартипте иштейтКулубаев келе жаткан жылда Кыргызстан ЖККУ, ШКУ жана ТМУга төрагалык кыларын билдирдиМинистрлер кабинети быйыл ийгиликтүү жыл болду деп эсептейтАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-декабрда өкмөттүн жыйынын өткөрүп, анда «2024-жыл өлкө үчүн өзгөчө маанилүү жана ийгиликтүү жыл болду» деп белгиленди. «Кыргызстан дагы бир жолу кыйынчылыктарды жеңип, алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аларды ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Президенттин элдин бакубаттуулугуна багытталган саясаты Кыргызстанды жаңы тепкичке алып чыкты», — деди Касымалиев. Ал министрлер кабинети жарандардын жашоо сапатын жогорулатуу жана экономика, социалдык өнүктүрүү, инфраструктура жаатындагы аракеттерди күчөтүп, элдин турмушун жакшыртууга умтулуп жатканын кошумчалады.
Муну менен катар эле минкаб башчысы массалык иш-чаралар жана майрамдык жүрүштөр учурунда коопсуздукту максималдуу деңгээлде камсыздоо керектигин билдирди. Ал тийиштүү органдарга төмөнкү тапшырмаларды берди: тез жардам кызматын, медициналык бригадаларды, саламаттыкты сактоо мекемелерин, авариялык-куткаруу жана өрт өчүрүү кызматтарын, ошондой эле укук коргоо органдарын күчөтүлгөн режимде иштөөгө өткөрүү; энергетикалык объектилердин үзгүлтүксүз иштешин жана жарандардын электр энергиясына болгон муктаждыгын толук камсыздоо; жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүү үчүн ишеним телефондордун үзгүлтүксүз иштешин камсыздоо; майрам учурунда жарандардын ыңгайлуу жүрүшү үчүн коомдук транспорттун ишин камсыздоо;
2025-жылы Кыргызстан үч маанилүү уюмга төрагалык кылат. Бул тууралуу бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, 2025-жыл "Эл аралык диалог, кызматташтык жана коопсуздук" ураанынын алдында өтүп, ар түрдүү маанилүү иш-чараларга бай болот. "Кыргызстан келерки жылы Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна, Шанхай кызматташтык уюмуна жана Түрк мамлекеттер уюмуна төрагалык кылат. Бул — биз төрагалык кыла турган үч маанилүү уюм. Андан тышкары, Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөлүгүнө көрсөтүү аракеттери жүрүп жатат", – деди Кулубаев. Буга чейин Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттары: саясий, аскердик кызматташуу, терроризмге жана коркунучтарга биргелешип каршы күрөшүү, маалыматтык коопсуздукту сактоо болуп саналары айтылган.
Алмазбек Усенов Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун президенттин администрациясынан кабарлашты. Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигин буга чейин Адыл Сыдыгалиев жетектеген. Алмазбек Усенов 2012-17-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сомго евро 90 сом 59 тыйынга рубль 86 тыйынгаКазак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 40 тыйындан баштап, 64 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 71 сом 30 тыйындан, 72 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 36 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 31-декабрь, шейшембиде көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Талас аймагында 0...+5 градуска чейин, Ысык-Көл өрөөнүндө +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болот. Борбор калаада күн ачык болуп +4...+6 градус жылуу болсо. Ош шаарында күндүн табы +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.