БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 30-декабрь, дүйшөмбүдө, күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +3...+8, Талас аймагында +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +6...+11, Ысык-Көл жергесинде +4...+9 градус жылуу болсо, Нарын өрөөнүндө 0...-5 градуска чейин суук болору болжолдонду.
Борбор калаада күн ачык болуп +5...+7 градуска чейин жылыса, Ош шаарында күндүн табы +9...+11 градуска көтөрүлөт.