БИШКЕК, 28-дек. - Sputnik. Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо Украина “Батыштын авантюрасы" үчүн жеринен айрыла турганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мындан тышкары, өлкөгө чет элдик аскерлер кирет. Фицо Киев өлкөнү кыйнап, ал аз келгенсип Украинанын сүйлөшүү мүмкүнчүлүктөрү күн сайын начарлап жатканын айтты.
"Украина "Батыш авантюрасы" үчүн аймактарынан айрылып, өлкөсүнө чет элдик аскерлердин киришине макул болууга мажбур болот", — деп билдирди ал.
Буга чейин Фицо Украина жаңжалдын натыйжасында аймагынын үчтөн бир бөлүгүн жоготушу мүмкүн экенин айткан. Анын пикиринде, Украина НАТОго чакыруу да албайт.
Роберт Фицо Украинага аскердик жардам көрсөтүүгө каршы экенин бир нече жолу билдирген. Саясатчы бул өлкөнүн НАТОго мүчө болушун колдобой турганын жана бул маселеде вето укугун колдоно турганын белгилеген.
Мындан тышкары, Фицо Братислава менен Москва ортосунда жакшы мамиле куруу маанилүү экенин айтып, бул багытта аракеттерди көрүүгө убада берген. Ал эки өлкө ортосундагы диалог зарыл экенин жана Украинадагы жаңжалдан улам Россияны "жокко чыгаруу" туура эместигин кошумчалаган.