Актаудагы учак кырсыгы. Путин Алиевден кечирим сурады

Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Владимир Путин Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, учак боюнча трагедиялуу окуя Россиянын аба мейкиндигинде болгондугуна байланыштуу кечирим сурады.
Кремлдин билдиргенине караганда, лидерлер 25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган "Азербайжан аба жолдорунун" жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу маселелерди талкуулашты.
Путин каза болгондордун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин тиледи.
Сүйлөшүүдө Азербайжандын учагы Грозный аэропортуна бир нече жолу конууга аракет кылганы белгиленген. Бул учурда Грозныйга, Моздокко жана Владикавказга украиналык учкучсуз учактар ​​чабуул жасап, россиялык абадан коргонуу системалары мизин кайтарган.
Факт боюнча Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси ("Аба транспортунун кыймылынын жана эксплуатациясынын коопсуздугунун эрежелерин бузуу") боюнча кылмыш ишин козгоду. Алгачкы тергөө амалдары жүргүзүлүп, жарандык жана аскер адистери суракка алынууда.
Учурда Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери Грозныйда жүрүшөт, алар Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен биргеликте иш алып барышууда.
Россиянын, Азербайжандын жана Казакстандын тиешелүү кызматтары Актау шаарына жакын жердеги кырсык болгон аймакта тыгыз кызматташып жатат.
Казакстандагы учак кырсыгынан 38 адам көз жумду