Ошто кийинки жылы муниципалдык ипотекалык үйлөр бериле баштайт

Калаанын жети жеринде турак жай курулууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Ош шаарында келерки жылы муниципалдык ипотекалык программа боюнча курулган көп кабаттуу беш үй пайдаланууга берилет. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Учурда калаанын жети аймагында ипотекалык жана үлүштүк программа боюнча көп батирлүү турак жайлар курулуп жатканы айтылды.
“Келерки жылы беш көп кабаттуу үй пайдаланууга берилет. Анын экөө муниципалдык ипотекалык, үчөө үлүштүк программа боюнча берилиши күтүлүп жатат”, — деп билдирди шаар бийлиги.
Мэрдин орун басары Замир Юсупов 12 кабаттуу жана 15 кабаттуу үйлөрдүн курулушу менен таанышып чыккан. Ал курулуш иштеринин сапатына көңүл бурулуп жатканын белгилеген.
Жапаров: балдардын күлкүсү жаңырып турсун деп абактын ордуна үй курдук