Алагөзов: авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандыкты алып келүүгө учак даяр

Учак кырсыгынан жабыркаган кыргызстандыктын абалы оор бойдон калууда.
Sputnik
БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Казакстандагы авиакырсыктан жабыркаган кыргызстандык Ринат Асановду алып келүүгө учак даяр. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президент Садыр Жапаровго соңку кырдаал боюнча маалымат берген.
Алагөзов учурда кыргызстандыктын абалы оор болгондуктан учак менен ташуу кооптуу экенин, дарыгерлер уруксат беришсе эле самолет жиберилерин белгиледи.
Ал эми калган эки кыргызстандык дүйшөмбүдө ооруканадан чыгарылат.
25-декабрда Казакстандын Актау шаарына жакын жерде Баку – Грозный багытында учуп бара жаткан учак кулады. Анда 67 адамдын 38и каза тапты. Борттогулардын 37си Азербайжандын, 16сы Россиянын, алтоо Казакстандын, үчөө Кыргызстандын жараны, дагы беш экипаж мүчөсү болгон.
Учак кырсыгы. Садыр Жапаров Азербайжан президенти Илхам Алиевге көңүл айтты