БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Жогорку Раданын депутаты Артем Дмитрук Украинага жаңжал башталганга чейин чагымчылык кылып Россияны кайткыс кадамдарга түртүүнүн кереги жоктугу көп ирет айтылганын Telegram каналына жазды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
"Эл аралык жана жергиликтүү бир катар эксперттердин Россия согуш ачышы мүмкүн экенин айткан эскертүүсүнө карабай Украина НАТО менен жакындаша берди. "Москвага жетер-жетпесин байкап көрбөйлүбү" таризиндеги окуу-машыгууларды өткөрүп, коргонуу үчүн демиш болуп Россиянын аймагына чейин атыла турган ракеталык комплекстерди жайгаштырды", — деп жазган депутат.
Дмитрук Украина эркин, блоктон тышкаркы мамлекет болушу керектигин белгилеген.
Ал эми РФ президенти Владимир Путин Украинадагы жаңжал мамлекеттик төңкөрүштөн башталганын Батыш деле бир эстегиси келбей турганын белгилеген.