БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Украин армиясы Курск аймагында жеңилүүгө дуушар болуп жатканын британ аскердик талдоочусу Александр Меркурис өзүнүн видеоблогунда билдирди.
"Украиндер Суджа аймагындагы Курск жээгинде кыйроочу абалга кептелгени сезилүүдө. Абал өтө оор", — деди ал.
Меркурис аталган аймактагы Украинанын жоокерлери Суджа үчүн мүмкүн болгон салгылашууларга даярданып жатып моралдык жактан чарчаганын белгиледи. Серепчи Украинанын эң мыкты аскер бөлүктөрү курчоодо калышы мүмкүн экенин да эскертти.
"Бул позициялар үчүн мынчалык катуу күрөшүүнүн кереги барбы? Бул суроого Украинанын Башкы штабы, Зеленский, Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Сырский жооп бериши керек. Жеке мен мындан эч кандай пайда көрбөй турам", — деди Меркурис.
Шаршемби күнү эртең менен Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 14 бригадасы соңку 24 саатта Курск облусундагы 12 калктуу конуштун аймактарында талкаланганын билдирген. Мындан тышкары, "Түндүк" тобунун аскерлери душмандын жети контрчабуулунун мизин кайтарган. Ведомствонун маалыматына ылайык, Украина армиясынын аймактагы жоготуулары бир суткада 230дан ашык аскер кызматкерин, эки танканы, эки сооттолгон транспорттук техниканы жана үч автоунааны түздү. Украинанын Куралдуу күчтөрү аталган аймакта жалпы жонунан 43 740 аскерин жоготкон.