БИШКЕК, 26-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев II даражадагы Достык ордени менен сыйланды. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Жунушалиев орденге Бишкек менен Астананын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөндүгү үчүн татыган. Сыйлыкты Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев тапшырды.
Жунушалиев ишеним көрсөткөндөрү үчүн ыраазычылык билдирип, орден анын гана эмес, эки шаардын өнүгүүсү үчүн иштеп жаткан жалпы жамааттын эмгегин баалоо экенин белгиледи.
"Бишкек менен Астана мындан ары да кызматташтыкты бекемдеп, элдерибиздин достугуна салым кошот", — деди ал.
Достык ордени 1995-жылы негизделген. Эл аралык кызматташтыкты чыңдоого, гуманитардык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн ыйгарылат.