«Стоп кадр» уктуруусунда бул жолу Азия чыгармачыл айымдар фонду тарабынан өткөрүлгөн Айым режиссерлордун VI форуму тууралуу кеп кылдык. Эфир учурунда аял режиссерлордун эмгектери, алар көбүрөөк кандай темаларга токтолору жана кино дүйнөсүндө жүргөн кыз-келиндер үчүн колдоо канчалык маанилүү экенин сүйлөштүк.
Уюштуруучулардын бири Байзак Маматалиев аталган фестиваль режиссер аялдар үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин айтты. Ал эми атайын сыйлыктын жеңүүчүсү Саадат Казакбаева кийинки долбоору үчүн 40 000 акчалай сыйлык алганын, мындай колдоо ага шык бергенин кошумчалады.