Австриялык дипломат: Европа "Орешникти" сыноонун максатын түшүнгөн жок

Sputnik
БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Европа мамлекеттери "Орешник" ракеталык системасын согуш учурунда сынаган Россиянын белгисин түшүнбөй койду. Бул тууралуу Австрия ТИМинин мурунку жетекчиси Карин Кнайсль айтканын РИА Новости жазды.
Дипломат шейшемби күнү Санкт-Петербургдагы Маяковский атындагы китепканада "Европага реквием" деп аталган китебинин бет ачарын өткөргөн.
"Тилекке каршы, алар (Европа өлкөлөрү — ред.) бул белгини түшүнүшкөн жок. Президент Путиндин өзөктүк согушка өтүүнү каалабаган оюн түшүнбөй коюшту. РФ лидери согуш арсеналында өзөктүк куралга тете башка варианттар абдан көп экенин айткысы келди, бирок аркы жээктегилер муну түшүнгөн жок", — деп жооп берген Кнайсль берилген суроого.
Белгилей кетсек, Россия америкалык жана британиялык куралдын колдонулушуна жооп кылып 21-ноябрда Украинанын аскердик өнөр жай комплексине сокку урган. Натыйжада Днепропетровскидеги ракеталык техника жана башка курал чыгарган өнөр жай комплекси кыйраган болчу. Мында орто аралыкка атылуучу "Орешник" баллистикалык ракетасы сыналган. Кийинчерээк Путин ушу тапта дүйнөдө "Орешникке" теңе келе алчу курал жок экенин белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Украина боюнча боло турган атайын өкүлү Трамптын пландары тууралуу айтты