БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Россия жакын арада СССР мезгилинен бери түптөлүп калган радиоактивдүү заттардын калдыктары көмүлгөн жерлерди жок кылат. Бул туурасында президент Садыр Жапаров айтты.
Эске салсак, "Росатом" КМШдагы радиациялык коопсуздукту камсыздоо үчүн бир канча мамлекеттерге жардам берип келе жатат. Ал эми аймактар боюнча карай келгенде бул жаатта Россия Тажикстандагы радиациялык калдыктарды тазалоого 1,56 миллиард рубль бөлмөкчү.
РФ Кыргызстанга 2 миллиард 141 миллион рубль карайт. Учурда Борбор Азиянын бул эки өлкөсүндөгү экиден, жалпы төрт жеринде иштер уланууда. Алдыда Кыргызстанда дагы үч жерде иш башталмакчы.
"Россияга кайрылдык, "Росатом" 2,1 миллиард рубль бөлүп берди. Учурда радиоактивдүү калдыктарды кооптуу жерлерден коркунуч жаратпай турган жерлерге көчүрүп жатабыз. Бүтүп жабабыз да, ошону менен унутабыз (уулуу калдыктар сакталган жай — ред.)", — деди Жапаров III Элдик курултайда сүйлөп жатып.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда радиоактивдүү жана уулуу калдыктар көмүлгөн 92 жай бар.