БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Министрлер кабинети менен "Росатом" корпорациясынын ортосунда шамал энергетикасы тармагында кызматташуу боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу корпорациянын сайтында жазылган.
Эске салсак, 2024-жылдын сентябрында шамал электр станциясынын курулушуна капсула салынган. Долбоорго ылайык, шамал станциясынын кубаттуулугу 100 мегаватт болуп, жылына 280 миллион киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарат. Жалпы аймагы 200 гектарды түзмөкчү.
Долбоорлоо иштери 2025-жылы башталары айтылды.
"Келишимге кол коюу достук мамиледеги эки өлкөнүн энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча долбоорлорун ишке ашырууда дагы бир кадам болду. Мамлекеттик корпорация шамал станцияларын куруу жана иштетүү үчүн зарыл болгон бардык компетенцияга ээ. Россияда шамал энергетикасы боюнча ишке ашырылган долбоорлордун жалпы кубаттуулугу 1 гигаваттан ашты", — деген "Росатомдун" башкы директору Григорий Назаров.
"Росатом" мамлекеттик корпорациясы Кыргызстан менен биргеликте энергетика, ГЭСтерди куруу , медицина тармактарында стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууда.