БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен сегиз маалымат каражаты кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Тизме:
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу;
"Российская газетанын" Борбордук Азиядагы өкүлчүлүгү;
"ЭлТР" мамлекеттик телеканалы;
"Регион ТВ" телеканалы;
"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясы;
Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги;
"Кыргыз Туусу" басмаканасы;
мамлекеттик "Эркин-Тоо" гезити.
Университеттин ректору Догдурбек Чонтоев жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери менен өкүлдөрүнө окуу жайдын стратегиялык өнүгүү пландары тууралуу айтып, суроолоруна жооп берди. Мындан тышкары, катышуучуларды Ардак грамоталар менен сыйлады.