Израиль биринчи жолу Ханиянын өлүмүнө тиешеси бар экенин моюндады

Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Израилдин коргоо министри Исраэль Кац палестиналык ХАМАС кыймылынын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшүнө Тель-Авивдин тиешеси бар экенин биринчи жолу мойнуна алды. Бул тууралуу The Times of Israel гезитине таянуу менен РИА Новости жазды.
"Хуситтердин стратегиялык инфраструктурасына сокку уруп, лидерлерин жок кылабыз. Тегеранда, Газада жана Ливанда Хания, Синвар, Насрулланы жок кылгандай эле Ходейда менен Санада да ушундай кадамдарга барабыз", — деген министр.
Эскерте кетсек, Ирандын жаңы президентинин инаугурациясына катышуу үчүн Тегеранга келген ХАМАСтын саясий бюросунун жетекчиси Исмаил Хания июлдун соңунда резиденцияга урулган соккудан улам каза тапкан.
ХАМАС Ханиянын өлүмү үчүн жоопкерчиликти Израиль менен АКШга жүктөгөн. ЦАХАЛ жетекчинин жок кылынышы боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.
Кремль бул чабуулду кескин сындап, региондогу абалды ого бетер курчутчу саясий мүнөздөгү киши өлтүрүү деп атаган.
Лавров Жакынкы Чыгыштагы абалдын оңолбой жаткан себебин айтты