Жаңы жылдык дасторконду даярдоодо эмнелерге маани берүү керек? — менюну эртерээк ойлонуңуз

Sputnik
Жаңы жыл майрамына саналуу күндөр калды. Көптөгөн кыргызстандыктар аны үй-бүлөсү менен майрамдык дасторкон үстүндө тосушат. Конок тосууга өзгөчө көңүл бурган кыргызстандыктар бул жолку майрамда дасторконго эмне коерун, кантип кооздосо болорун ойлонуп жатышса керек. Ашпозчулар бул күнү эң башкысы, жегиликтүү, даамдуу, сиңимдүү, ден соолукка пайдалуу тамактарды жасоону сунушташат. Ошондой эле маалы менен алмаштырып туру үчүн аз-аздан койгон оң. Пайдалуу кандай тамактарды, салаттарды жасайм? Майрамдык дасторконду даярдоодо эмнелерге маани берүү керек? Ашказан бат сиңирүүчү тамактар какйсылар? Ушул жана башка соболдорго жоопту “Көз мончок” программабыздан уга аласыздар.