БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Төө-Ашууда күйүп жаткан бензовоздон адамды куткарып, кийин каза болгон эки милиция кызматкерине III даражадагы Эрдик ордени ыйгарылды. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыктардан белгилүү болду.
Ага ылайык, III даражадагы Эрдик ордени менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын улук тергөөчүсү Орозмамат Акуналиев менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү Дилмурат Шамшиев сыйланган (экөө тең каза болгондон кийин).
Эске салсак, былтыр 27-октябрда Бишкек — Ош жолунун 100-101-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа менен эки жеңил машина кагышып, үчөө тең күйүп кеткен. Дал ушул кырсыкта Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кызматкерлери күйүүчү май ташыган унаанын айдоочусуна жардам берип, аны аман алып калышкан. Бирок катуу күйүк алгандыктан 2-ноябрда Дилмурат Шамшиев, 6-ноябрда Орозмамат Акуналиев ооруканада каза болуп калышкан.