БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп өлкө үчүн Гренландияны менчиктөө "абсолюттуу зарылдык" экенин айтып, бул билдирүүсү менен Данияга жаңы элчи дайындаган себебин түшүндүрдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Улуттук коопсуздукту жана дүйнө жүзүндөгү эркиндикти камсыздоо үчүн АКШнын Гренландияга ээлик кылуусу жана аны көзөмөлдөөсү абсолюттуу зарылдык болуп саналат", — деп жазган Трамп соцтармактагы баракчасына.
Ал Даниядагы элчилик кызматты аркалай турчу дипломат жана ишкер Кен Хауэри "АКШнын кызыкчылыгын мыкты көздөй турганын" белгилеген.
Трамп Гренландияны сатып алуу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатканы тууралуу маалыматтар биринчи ирет 2019-жылы ЖМКларда пайда болгон. Кийинчерээк өзү бул маселеге "стратегиялык кызыкчылык" менен караганын тастыктаган эле. Гренландия арал сатылбай турганын билдирсе, Дания Трамптын сөзүн тамаша катары кабыл алганын, ошентсе да көп акылга сыя бербеген ой экенин айткан.
Гренландия 1953-жылга чейин Даниянын колониясы болуп келген. Падышачылыктын курамында калганы менен 2009-жылы автономияга ээ болуп, ошондон бери ички саясатын өзү аныктап келет.
Эскерте кетсек, Трамп жекшемби күнү Панама каналын да Американын менчигине кайтарууну талап кыларын билдирген. Жаңы шайланган президент каналдан өтүү акысы өтө жогору болуп кеткенине нааразы. Ага чейин Newsweek журналы Трамп Канада менен Мексиканы субсидиялай берүүнүн ордуна эки өлкөгө Америкага штат болуп кирүүнү сунуштаганын жазып чыккан.