24-декабрга карата аба ырайы

24-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерге туман түшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. 24-декабрь, шейшембиде, күн ачык болсо да жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл өрөөндөрүндө 0...+5, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2....+7 градус жылуу болсо, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +2...+4, Ош шаарында +5...+7 градуска чейин көтөрүлөт.
Кыргызстан үч өлкөгө электр энергиясын экспорттоого даярданууда