Көп аял алууга уруксат берүү. Россиянын дин башкармалыгы фатваны түшүндүрдү

Гайнутдин кеп катталган нике тууралуу эмес, мусулман коомчулугунун ички маселеси болгон диний нике жөнүндө болуп жатканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Көп аял алууга уруксат берген фатва светтик мыйзамдарды бузбайт жана аялдар менен балдарды коргоого багытталат. Бул тууралуу Россиянын мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчиси Равиль Гайнутдин билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Россия мусулмандарынын дин башкармалыгы көп аял алууга уруксат берген. Аалымдар кеңеши россиялык мусулмандарга күйөөсү аялдарынын бардыгына бирдей (тең) мамиле кылган учурда төрт нике кыйдырууга макул болгон.
Гайнутдин кеп катталган нике тууралуу эмес, мусулман коомчулугунун ички маселеси болгон диний нике жөнүндө болуп жатканын белгиледи.
"Мындай никеде төрөлгөн балдардын аталары аялдарын мамлекеттен жөлөк пул алууга аргасыз кылбай, аларды толук камсыз кылуусун талап кылабыз", — деди Гайнутдин.
Депутат милиция кызматындагы аялдарга жоолук салынууга уруксат берүүнү сунуштады