БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнө таандык F/A-18 согуштук истребители Кызыл деңиздин үстүндө "достук" огу менен атып түшүрүлгөнүн РИА Новости жазды.
"Жекшемби күнү Кызыл деңиздин үстүндө АКШнын деңиз флотунун эки учкучу "достук огу" менен атып түшүрүлдү", — деп айтылат маалыматта.
USS Harry S. Truman учак конуучу кеменин палубасынан абага көтөрүлгөн F/A-18 учагы хуситтердин объектилерин аткылап жаткан маалда кырсыктаган. Эки учкуч тең аман экендиги, бирөө жеңил жаракат алганы маалым болду.