Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинанын Рыльскиге массалык соккусунан 5 адам каза болуп, 12 киши жаракат алды

Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Украинанын Курск облусунун Рыльск шаарын аткылоосуна жооп көп күттүрбөй боло турганын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Рыльск шаарына жасаган массалык чабуулунан беш адам каза болуп, 12 адам жаракат алды. Бул тууралуу Курск облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Хинштейт Telegram-каналына жазды.
"12 адам жаракат алды, анын ичинен бирөөнүн өпкөсү орто оор абалда жабыркаган, беш киши каза болду, арасында балдар жок", — деп жазган ал.
Ошондой эле Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ракетасы Рыльскидеги ооруканага түшкөн деген маалыматты четке какты.
Хинштейн өкмөт жабыркаган адамдарга колдон келген жардамдын баарын бере турганын белгилеген.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя уюмдун Коопсуздук кеңешинин отурумунда Украинанын Курск облусунун Рыльск шаарын аткылоосуна жооп көп күттүрбөй болорун айткан. Небензя Киев бул кол салуулар менен жаңжалды күчөтүү максатын көрсөттү деген пикирин кошумчалаган.
Рыльск Курчатовдогу АЭСтен 30 чакырым аралыкта жайгашкан. Шаар 20-декабрда саат 15:20да Украинанын куралдуу күчтөрүнүн массалык аткылоосуна кабылды. Россиянын абадан коргонуу күчтөрү каршылаштары учурган, Америкада чыгарылган РСЗО HIMARS ракеталарын атып түшүргөн.
Чабуулда Маданият үйү, дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси, педагогика колледжи, мектептер, өрт өчүрүү бөлүмүнүн имараты, социалдык объектилер жана менчик үйлөр жабыркаган. Россиянын Тергөө кызматы "Теракт" беренеси менен иш козгоду.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык аскерлердин Селидово аймагында элди аткылаганын айтышты