БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев жолдогу кар начар тазалангандыгы үчүн кол алдындагыларды жазалады. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Мэр Айбек Жунушалиев карды тазалоого жооптуу кызматтардын ишинин жыйынтыгы боюнча тиешелүү чараларды көргөнү белгиленди.
"Тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөндүгү жана ишти сапатсыз уюштургандыгы үчүн мэрдин орун басары Рамиз Алиев, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиев, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору Жолдош Чуштуков, Октябрь району боюнча участоктун башчысы тартиптик жаза алышты", — деп айтылат маалыматта.
Калаа башчы коммуналдык ишканалар жаңы техникалардын келишин эске алуу менен иштөө ыкмаларын жана иш жүргүзүүсүн өзгөртүүсү зарылдыгын белгилеген.
"Быйыл биринчи жолу атайын техникаларды алууга 1 миллиард сом бөлүнгөн, бүгүнкү күндө олуттуу сандагы техникалар келип, кызматкерлер үчүн бардык шарттар түзүлүүдө. Демек, турак жай-коммуналдык чарба тармагында сезилерлик өзгөрүүлөр болушу керек", — деп белгилеген Жунушалиев.
Кечээ, 20-декабрда, борбор калаада кар жаап, тургундар көчөлөр менен тротуарлардын жакшы тазаланбай жатканына нааразы болушкан.